Бардык шайлоо тилкелерине пандус орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.
"Шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу маанилүү. Ушул максатта бардык шайлоо тилкелерине пандус орнотулду. 15 пайыз пандус менен камсыздалбаган шайлоо тилкелеринде атайын башка форматта жардам уюштурулду. Жалпысынан ар бир шайлоо тилкелерине карталар түзүлдү. Ошондой эле добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочулардын категориялары боюнча чара көрүлдү. Аскер адамдарына, укук коргоо кызматкерлерине, социалдык мекемелердин жана ооруканалардын бейтаптары менен атайын тактоолор жүргүзүлдү. Алар убактылуу ошол жактагы шайлоо тилкелерине киргизилди", - дейт ал.