"Жан тартууга, административдик ресурс колдонууга жол берилген жок" дейт Садыр Жапаров

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктагандыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Президенттин администрациясынан өлкө башчынын кайрылуусун жарыялашты.


"Урматтуу мекендештер! Бүгүн тарыхый күн. Бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы болгон Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарын шайлоо өнөктүгү соңуна чыгып олтурат.

"Эл керегине ушул азамат, ушул партия жарайт" деп талапкерлердин калың тизмесинен иргеп, келечектеги өнүгүүбүзгө жол чаап бере турган мыйзамдарды иштеп чыгып, кабыл алчу бийлик бутагынын курамын илгери үмүт менен шайладыңыздар. Бул жолку парламенттик шайлоо сиздер колдоп берген Баш мыйзамыбыздын негизинде, жаңы ыкма менен өткөнүнө жалпыбыз күбө болдук.

Ага ылайык, партия аркылуу келген талапкерге да, партиясыз эркин чыккан талапкерге да добуш берүүгө шарт түзүлдү. Тагыраак айтканда, партиялык тизмедеги талапкерди тандап алууга да мүмкүнчүлүк берилди. Элибиздин буга чейин коюп келген талабы ушундай эле. Бул ирет саясий өнөктүгүбүздү калыс, адилет, ачык-айкын, таза жана тынч өткөрүп алганыбыз чоң жетишкендик болду.

Өзүңүздөр билгендей, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык тарыхында болуп өткөн революциялардын баарына бийликтин шайлоо процессине кийлигишүүсү, кайсы бир партияларды күчтөп сүрөөнгө алышы себеп болуп келген.

Биз калыстыкты туу туткан калкыбыздын эркине каршы келген мурдагы жагымсыз окуялардан сабак алып, парламенттик шайлоону таза, мыйзам талаптарына ылайык өткөрүүнү башкы милдетибиз катары кабыл алганбыз. Биз демократиялык өлкө катары ушул милдетибизди так аткардык десем жаңылышпаймын.

Бийлик тараптан бардык партияларга жана талапкерлерге бирдей, Конституцияда кандай белгиленсе так ошондой теңдик шарттар түзүлдү. Бирөөнө дагы жан тартууга, административдик ресурс колдонууга жол берилген жок.

Ошондуктан шайлоо өнөктүгүн баштан аяк мыйзамдын чегинде, ачык-айрымдуулуктун шартында жүргүзүүнү камсыз кыла алдык. Таза жана адилет шайлоо өткөрө аларыбызды далилдедик!", - деди Жапаров.

Эл өзүнүн уул, кыздарын шайлап алды деген өлкө башчы бул жолку шайлоого бийлик өкүлдөрү кыпындай да аралашпаганын белгиледи.

"Аралашып баштагандарды дароо кызматтан алып жаттык. Шайлоо өнөктүгү башталганга чейин эле бийлик өкүлдөрү тигил же бул партиянын же кайсы бир талапкердин пайдасына иштесе катуу чаралар көрүлөрүн байма-бай эскертип келгенбиз.

Үгүт иштеринин жүрүшүндө андай мыйзам бузуулар катталаар замат кескин, чечкиндүү кадамдарга барганыбыз ат салышкан партияларга да, талапкерлерге да чоң сабак болду. Ошентип бул шайлоону элибиздин, Баш мыйзамыбыздын талабына жана эл аралык ченемдерге ылайык, акыйкат өткөрө алдык деп ишенимдүү айта алабыз.

Добуш берүүнүн жүрүшүнө жана жыйынтыктарына эл аралык коомчулуктун, байкоочу миссиялардын өкүлдөрү калыс баа берет деп ишенем".

Ал эми шайлоого катышкан жана белгилүү себептер менен катыша албай калган бардык саясий күчтөргө да кайрыла кетейин деген Садыр Жапаров буларды айтты.

"Шайлоонун жыйынтыктарын таанып, элдин эркине баш ийүү - мыйзамдын жана демократиянын талабы. Демократиялык өнүгүү жолун тандаган Кыргыз өлкөсүнө эң биринчи кезекте тынчтык жана туруктуулук керек!

Туруктуулукту, тынчтыкты бузабыз деген ниети барларга бийлик тараптан эч качан негиз бербейбиз, таза жана адилеттүү иштейбиз деп, баарыңарды ишендирип кете алам. Кимде ким негиз жок эле тынчтыкты, туруктуулукту бузам деген аракети болсо андай жарандарга катуу чаралар көрүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы жакын арада тийиштүү мыйзамдардын чегинде расмий жыйынтыкты жарыялайт. Президент, министрлер кабинети Сиздер шайлап берген партиялар жана талапкерлер менен өлкөбүздүн келечеги, мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн эриш-аркак болуп, биргелешип иштешүүгө даяр экенин баса белгилейм.

Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин кароосуна бир катар мыйзам долбоорлору биринчи сессиянын биринчи эле күнүндө киргизилет. Жаңы шайланып келген парламенттин депутаттары менен жемиштүү кызматташып, албан-албан ийгиликтерге жетишебиз деген ишенимим чоң".

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан