7-декабрда парламентте аңчылык жана аңчылык чарбасы жөнүндө маселелерге байланыштуу парламенттик угуу өткөрүлөт

ЖКда 7-декабрь күнү депутат Эсенгул Исаков тарабынан демилгеленген "Аңчылык жана аңчылык чарбасы жөнүндө", "КРнын Токой кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу", "Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу", "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу", "Курал жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу", "Лицензиялоо жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуу өткөрүлөт. Парламенттик угууга ЖКнын депутаттары, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин, Мамлекеттик каттоо кызматынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, экологиялык уюмдардын өкүлдөрү катышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан