Бишкекте тамакка ууланган 12 адам жугушутуу оорулар ооруканасына кайрылышкан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-октябрдан 24-октябрга караган түнү ооруканага 12 адам кайрылган. Алардын үчөө жаш балдар.
"Учурда ооруканада 3 аял дарыланууда. Абалдары туруктуу. Калганы биринчи амбулатордук жардамдан кийин үйлөрүнө кетишкен. Мамлекеттик санитардык -эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак -аш коопсуздугу боюнча бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашеванын айтымында, жабырлануучулар шаардагы "Империя пиццы" тамактануучу жайынан тамактанышкан. Учурда адистер эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө, анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет", - деп жазылат маалыматта.