Москва облусу 28-октябрдан 7-ноябрга чейин карантинге жабылат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мектеп окуучулары каникулга кетишет, студенттер аралыктан окушат. Москва шаарында дарыкана жана эң керектүү товарларды саткан дүкөндөр гана иштейт.
Орусияда COVID-19 жуктуруп алган бейтаптардын саны сентябрдын ортосунан тарта өсүп жатат. Мындан улам президент Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрга чейин өлкөдө дем алыш деп жарыялаган.