Талас облусунда "Тез жардам" кызматынын унаасы кырсыкка кабылып, 2 кызматкер каза болду. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 26-октябрь күнү кечке маал Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылы менен Бакай-Ата айылынын ортосунда болгон. Анда "Тез жардам" унаасы даракты сүзгөн.
"Тез жардам" унаасы райондук биргелешкен ооруканасына түшкөн чакырууга бара жатканда даракка урунган. Кырсыктын кесепетинен анын ичиндеги фельдшер жана айдоочу каза болгон. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.