"Барселона" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Рональд Куман кызматынан алынды

Испаниянын "Барселона" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Рональд Куман ээлеген кызматынан бошотулду. Мындай маалымат клубдун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди клубдун президенти Жоан Лапорта "Райо Вальекано" клубуна жеңилип калгандан кийин кабыл алган. Ошол эле учурда Испания чемпиондугунун турнирдик жадыбалында "Барселона" клубу 9-орунда келе жатат.

Рональд Куман 2020-жылдын 19-августунда "Барселона" клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалган. Голландиялык адис команда менен Испаниянын Кубогун жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ela93
2021-10-28 09:39:16
Бут баарынын кашасын чыгарды!
+1
Brilant-zhylan
2021-10-28 22:50:56
Давно кетириш керек болчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан