Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгы 1984-жылы туулган Айсулуу Сарлыковага издөө жарыялады.
Милициянын билдиришинче, Айсулуу Сарлыкова 13-август күнү Байтик айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз.
Белгилери: Бою 170-175 сантиметр, арык дене түзүлүштө, көзү жана чачы күрөң.
Кийген кийимдери: Кара шым, ак футболка, көк түстөгү күрмө, бутунда кара туфли.
Милиция издөөдө жүргөн адам тууралуу маалыматы бар жарандарды 0 (312) 36-35-23, 0 (504) 77-22-77, 0 (550) 34-33-63 номерлери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.