Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы көл жээкте асынган абалда 19 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 26-октябрь күнү Тоң РИИБине арыз менен 1982-жылы туулган жаран кайрылган. Анда 26-октябрь күнү 19 жаштагы кызы Тоң районунун Эшперов айылынан чыгып кетип дайынсыз болуп жатканын билдирген. 19 жаштагы кызды издөө максатында бардык аймактарга багыттамалар берилип, ыкчам иликтөө иш-чаралары башталган.
27-октябрь күнү саат 07:00 чамаларында Тоң РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Тоң айылынын көл жээгинен белгисиз кыздын асылып турган жансыз денеси табылганы боюнча айыл тургуну кабарлаган. Тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барган учурда, дайынсыз болуп жаткан 19 жаштагы кыз экендиги аныкталып, жансыз денеге кароо жүргүзүлгөн. Анда күч колдонуу белгилери болгон эмес.
Маркумдун сөөгү Тоң райондук ооруканасынын өлүкканасына жеткирилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.