Ушул жылдын 6-7-декбарында Бельгиянын Брюссель шаарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Европа Биримдигинин Адилет министрлеринин укук тартиби жана кызматташтык маселелери боюнча III эл аралык конференциясы өтөт. Конференциянын максаты – Европалык Биримдик менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы Борбордук Азия үчүн Европалык Биримдиктин стратегиясын иш жүзүнө ашыруу жана Тышкы иштер кеңешинин кызматташтыгын мындан ары бекемдөө. Бул иш-чарага Кыргызстандан Жогорку Соттун судьясы Кабылбек Жумашов катышмакчы.