Бүгүн, 3-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери уланды.
Дүйнө чемпиондугуна 76 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Айпери Медет кызы алгач эквадордук балбанды, андан кийин индиялык балбанды мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга чыккан.
Жарым финалда Айпери Медет кызы америкалык балбан кыз менен кез келип, атаандашын 8:0 эсебинде жеңди.
Муну менен Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты. Финалдык беттеш эртең, 4-ноябрда орун алат.