Министр Руслан Казакбаев Азербайжандын элчисинен ишеним грамотасын алды

Азербайжандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов Кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаевге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Руслан Казакбаев Латиф Сейфаддин оглы Гандиловду элчилик кызматка дайындалышы менен куттуктап, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар түрдүү багыттагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, эки өлкө ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин алкагындагы өз ара аракеттер боюнча пикир алмашты.

Элчи Латиф Сейфаддин оглы Гандилов өз кезегинде Азербайжан тараптын биргелешкен инвестициялык фонд түзүү жана анын штаб-квартирасын Бишкек шаарына жайгаштыруу боюнча макулдашуулары тууралуу маалымат берди.

Жолугушууда мындан тышкары эки өлкөнүн борбору болгон Бишкек жана Баку шаарларында маданий иш-чараларды өткөрүү тууралуу да сүйлөшүүлөр орун алды.

Эске салсак, октябрь айынын аягында Азербайжандын элчиси Гидаят Оруджиев Кыргыз өлкөсүндөгү дипломатиялык миссиясын аяктаган. Ал өлкөдө 2012-жылдан бери иш алып барып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан