Сүйүнчү! Айпери Медет кызы күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиону аталды

Мекендешибиз Айпери Медет кызы Сербиянын борбору Белградда өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынды.

Кыргыз балбан кызы финалдык беттеште колумбиялык Татьяна Рентерия аттуу спортчу айым менен күч сынашты. Беттештин алгачкы бөлүгүндө активдүүлүк көрсөтпөдү делинип атаандашка 1 упай ыйгарылды. Ал эми 2-бөлүктө ошол эле упай кыргыз балбан кызынын пайдасына жазылды. Эсеп сандары 1:1 болуп турганда Айпери Медет кызы каршылаштын артына өтүп 2 упай иштеп тапты. Муну менен эсеп 3:1 болуп, мекендешибиздин жеңиши менен аяктады.

Эске салсак, Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда алгач эквадордук балбанды, андан кийин индиялык балбан кызды мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда америкалык балбан кыз менен кез келип, атаандашын 8:0 эсебинде жеңип алган.

Айпери Медет кызы Токиодо өткөн XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу. Жакында эле Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынган. Ошондой эле бир катар эл аралык мелдештердин байгелүү орундарынын жеңүүчүсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Medina87
2021-11-05 00:57:20
КЫРГЫЗымдын НАМЫСТУУ КЫЗЫ АЗАМАТСЫН!!))
СЫЙМЫКТАНАМ!!!
+11
Sajakat14
2021-11-05 00:59:23
Азамат Айпери балбан кыз
+9
Alishdaman
2021-11-05 01:00:51
Азамат кыз Айпери
+9
ZULYA89
2021-11-05 01:04:06
Азамат Айпери!!!Кыргыздын желегин бийиктиктерге желбиретип журо бер балбан кыз,биз сени менен сыймыктанабыз.♡♡♡♡♡♡

+10
Sajakat14
2021-11-05 01:32:32
Ураа балбан кызыбыз утту!Чоң рахмат ийгилигиңизге! Кыргызстан сиз менен сыймыктанат Айпери кыз
+10
nargiz-sa
2021-11-05 08:00:42
Мыктысыңар кыргыз кыздары
+6
joke81kg
2021-11-05 08:20:58
Кыздарыбыз кучтуу чыктыго алга кыргызстан
+5
Jaysan030
2021-11-05 08:42:46
Темадан алыс жазганым учун кечирим сурайм, Киевское Манастан жаш баланы ыйлатып кыйнап салып кеткендер жонундо жазсанар супер!!! Толук маалымат башка жактан коро албай атам....
+5
IOA
2021-11-05 09:54:52
Молодец Айпери
+3
ruslan.78.23
2021-11-05 10:18:32
Жакшы кабар.Жанылык окуйун десең эле өлдү.өлтурду деп чыгат.Молодец күчүнө күч кошулсун
+4
Akjol18
2021-11-05 10:19:40
Азаматсың,Айпери.
+3
ayzhan12
2021-11-05 12:52:58
Кыргыздын кыздары абдан өжөр болушат. Азаматсың
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан