Өкмөттө коронавируска каршы эмдөөнүн жүрүшү боюнча маселеси талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө республиканын аймагындагы калкты коронавируска каршы эмдөөнүн жүрүшү боюнча маселеси талкууланды.

Байсалов Нарын шаарына ыраазычылык билдирди, анда вакцинанын биринчи дозасын тургундардын – 70 пайызы, ал эми экинчи дозасын 61,5 пайызы алган. Эдил Байсалов аталган багытта ийгилик жараткан Нарын шаарына вакцинациялоо жүргүзүү тажрыйбасын иликтөө максатында баруу тууралуу ниетин билдирди.

Эдил Байсалов республиканын башка райондорун жана облустарын салыштырууда андагы көрсөткүчтөрдөгү айырмачылыктарды белгиледи. Атап айтканда, Чүй облусунда вакцинанын биринчи дозасын тургундардын 22,5 пайызы алса, ал эми Бишкек шаарында 28 пайызы алган. Андан соң ал облустар ичиндеги жарандардын вакцина алуу темпине токтолду. Мисалга, Чүй районунда калктын 43 пайызы вакцинанын биринчи дозасын алса, ошол эле учурда Чүй облусунун Сокулук районунда бул көрсөткүчтөр 15,5 пайызга барабар.

Ыкчам штабдын онлайн режимдеги кеңешмесинин жүрүшүндө жолугушуунун катышуучулары келип түшкөн вакциналардын дозасын өлкө аймактарына жеткирүү боюнча логистика маселесин талкуулады.

Белгилесек, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана башка мамлекеттик органдары тарабынан калкты вакцинациялоонун зарылдыгы тууралуу активдүү түшүндүрүү иштери улантылууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан