Греция Кыргыз өлкөсүнө COVID-19га каршы акысыз вакцина берүүгө даяр

Греция Кыргыз өлкөсүнө COVID-19га каршы акысыз вакцина берүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги "Европа Биримдиги-Борбордук Азия" Биринчи экономикалык форумунун алкагында министр Руслан Казакбаев Грециянын тышкы иштер министринин орун басары Костас Фрагогианнис менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда эки тараптуу иш-чараларды, анын ичинде 2022-жылы өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелеринин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү, саясий консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүү, ошондой эле жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууну талкуулашты.

Мындан тышкары министрдин орун басары Костас Фрагогианнис грек тараптын саясий жана экономикалык чөйрөлөрдө мамилелерди активдештирүүгө, жашыл экономиканы, туризмди, сооданы өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Инвестициялык кызматташуу жаатында "Enterprise Greece" уюму аркылуу өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү жана грек бизнес делегациясынын Кыргыз өлкөсүнө сапарын уюштурууга даярдыгы белгиленди.

Ошондой эле грек тарап акысыз негизде COVID-19га каршы вакцина берүүгө даяр экендигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан