Ырысбек Мааткабылов: "Өлкөдөгү экономикадагы оор абал, жумушсуздуктун күн сайын күч алышы мени түйшөлтөт"

Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округунан талапкер Ырысбек Мааткабылов масштабдуу үгүт компаниясын баштады. Ал шайлоо алдында чарбалык дагы, социалдык дагы маселелерди камтыган мыкты жана мазмундуу программасы менен иш алып барып, шайлоочулар менен алгачкы жолугушуусун өткөрдү.


Иш-чарага 150гө жакын киши катышты. Анын жүрүшүндө Ырысбек Мааткабылов бишкектиктердин көйгөйлөрүн угуп, талкуулап, алардын көтөргөн маселелеринин чечүү жолдору анын шайлоо программасында камтылганын билдирди. Тагыраагы, ал алдына койгон максаты жана өлкө экономикасын өнүктүрүү, жакырчылыкты жоюп, жарандардын жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү, азыркы замандын талабына ылайык келген адистерди даярдоо сындуу пландары жөнүндө кеңири айтып берди.

“Мен экономикадагы оор абалды, жумушсуздуктун күн сайын күч алышын жана социалдык теңсиздикти чыдап карап тура албайм. Ошондуктан өлкөбүздүн өнүгүшүнө жана элибиздин жашоо-турмушун жакшыртууга өз салымымды кошсом деген аруу тилек, жакшы ой максаттар менен парламенттин депутаттыгына талапкерлигимди коюп жатам. “Эл үчүн эмгектенебиз!” деген ураандын астында шайлоого бара жатам. Анткени мен көп жылдан бери Свердлов районунун аймагында иштеп келе жатам. Аймактын эскилиги жеткен жолдору жана тротуарлары, баш аламан курулуштар, бак-дарактардын мыйзамсыз кыйылуусу, эс алуучу жайлардын жоктугу боюнча маселелерди жакшы билем Ошондуктан жеке адам катары 2008-жылдан бери жеке каражатымды сейил бактарды көрктөндүрүүгө, балдар аянтчаларын курууга, билим берүү жана спорт уюмдарына колдоо көрсөтүүгө, жакырларга, жетимдерге жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берүүгө жумшап келем. Ар дайым эл менен болгонго аракет кылам. Эми мен Жогорку Кеңеште сиздердин кызыкчылыктарыңызды жаңы деңгээлде коргоого даярмын”, - деди Мааткабылов.


Анын айтуусу боюнча, жакырчылык менен күрөшүү, чакан жана орто бизнести колдоо, айыл чарба, туризм, логистика жана IT-технологиялар тармактарында жаңы жумуш орундарын түзүү башка көптөгөн нерселер шайлоо программасынын айрым пункттарын түзөт. Ошондой эле программасында социалдык тармакка да өзгөчө маани берилген. Мисалы, мугалимдер жана дарыгерлерге татыктуу эмгек акы төлөө жана ар бир жарандын дартын аныктоого, медициналык тейлөөнүн жеткиликтүү болушун камсыздоо сыяктуу пункттар бар.

"Биздин команда көп жылдардан бери жумуш орундарын түзүп келет. Дагы да түзө бермекчи. Мисалы, азыр "Аламүдүн" базарынын жаңы имаратында турабыз. Мурда бул жер ээн талаа эле. Мына азыр биздин аракетибиз менен “Аламүдүн” базарында көп жакшы өзгөрүүлөр болду. Бүгүнкү күндө соодагерлерге ыңгайлуу эмгек шарттары түзүлүп, кардарларга сапаттуу тейлөөлөрдү көрсөтүүдө. Мындай иштерди бүтүндөй республика боюнча – өндүрүш цехтерин, кичи жана орто бизнести түзсө болот деп ишенем. Алардан түшкөн салык менен бюджетти толтуруп жана инфраструктуралык көйгөйлөрдү тезирээк чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - деп баса белгиледи Ырысбек Мааткабылов.

"Мындан тышкары, техникалык билимди жогорулатууга колдоо көрсөтүп, ЖОЖдорго эмгек рыногунда чындап суроо-талапка ээ болгон адистерди даярдоо үчүн конкреттүү талаптарды коюшубуз керек. Себеп, ишкерлер өндүрүш ишканаларын ачканы менен жаңы технология менен иштегенди билген адистер жок болууда. Бирок юристтер менен экономисттерден көп нерсе жок болууда. Ошондуктан билим берүү системасын реформалап, чет элдик алдыңкы тажрыйбанын негизинде окутуунун алдыңкы ыкмаларын киргизүү зарыл".

Жыйындын соңунда Ырысбек Мааткабылов шайлоочуларга кайрылып, алар алдыдагы шайлоодо туура тандоо жасоо менен республиканын тарыхынын жүрүшүн өзгөртө аларын айтты.

"Эгер мага ишеним артып, мага добуштарыңарды берсеңиздер үмүтүңүздөрдү актайм деп сөз берем. Жогорку Кеңеште сиздерге татыктуу кызмат кылуу үчүн билимим, кесиптик жана турмуштук тажрыйбам жетиштүү", - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Жыйын бардык санитардык талаптарды сактоо менен өттү. Свердлов районунун шайлоочулары кыргыздын чыгаан, тажрыйбалуу, кесипкөй уулу Ырысбек Мааткабыловдун Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанып жатканына сүйүнүп жатышканын жашырышкан жок. Алар Мааткабылов башка талапкерлерден айырмаланып, буга чейин эле бишкектиктер менен тыгыз иштешип келгенин билдиришти. Ошондой эле ал кезинде элдин көйгөйлөрүн жеринен чечип берүүгө аракет кылган шаардын системасын жакшы түшүнгөн аким катары райондун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жакшы иштерди аткарып, элдин алкоосуна татыганын баса белгилешти. Ырысбек Мааткабыловдун жакшы иштери үчүн ыраазычылык билдирип, шайлоодо ийгилик каалашты.

Шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ырысбек Мааткабылов шайлоо бюллетенинде 4чү номер менен катталган.

Буюртмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевич. Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж.6-ноябрь. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Омуралиева Мээрим Замирбековна тарабынан төлөндү.

Аткаруучу: "Супер.кж" ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109, 4-кабат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан