Омикрон штаммынын алгачкы белгилери коронавирустун башка түрлөрүнөн айырмаланат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев айтып берди.
"Өзүңүздү алсыз сезип, булчуң эттериңиз ооруп жатса, бул коронавирустун омикрон штаммынын белгиси. Мындан сырткары тамак ооруп, үндүн бүтүүсү, кургак жөтөл, баш оору, жүрөктүн катуу согушу, дененин жанчылып оорусу сыяктуу белгилер байкалат.
Бул коронавирустун өтө оор түрү. Башка штаммдардан айырмачылыгы жыт жана даам сезүү сезимдери сакталып калат", - дейт адис.
Ошондой эле омикрон штаммына чалдыккан адамдар өз алдынча дарыланбай дароо дарыгерге кайрылуусу керек экендигин кошумчалады.
"Кошуналар минтип айтты эле, бул дарыны ичиптир" деп өз алдынча дарыланган туура эмес. Бизге келгендердин көбү 15-20 күнгө чейин үйүндө дарыланып, убагында дарыгерлерге кайрылбай жандандыруу бөлүмүнө жатып калган учурлар болуп жатат. Ошондуктан жогорудагы белгилер байкалса, тез аранын ичинде дарыгерлерге кайрылып, алардын көзөмөлүндө болуу керек".
Белгилей кетсек, бүгүн, 12-январда Кыргыз өлкөсүнөн коронавирустун омикрон штаммы аныкталды.