Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Оору аныкталган ак халатчан Бишкек шаарында катталганын республикалык штабдан билдиришти.
Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган.
Республика боюнча жалпы 3 миң 613 медицина тармагынын кызматкерлерине COVID-19 диагнозу коюлса, алардын ичинен 3 миң 324ү сакайды.