Аалы Карашев парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.
Ал шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча арыз берген. Жыйынтыгында аталган комиссиянын жыйынында анын арызы каралып, колдоо тапты.
Ал №12 Өзгөн шайлоо округунан шайлоого аттанган.