Эльвира Сурабалдиева бир мандаттуу округдан парламенттик шайлоого катышат

Мурдагы вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Бишкектин Биринчи Май районундагы бир мандаттуу округдан парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына жазды.

"Бишкектин Биринчи Май районундагы бир мандаттуу шайлоо округунан парламенттик шайлоого катышайын деп чечтим. 36 депутаттык орундардын арасында депутат айымдар дагы болушу керек деп эсептейм", - деп жазып калтырган ал.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондорунда "баарына каршы" добушу эң көп топтолгон. Ошондуктан аталган округдарда кайра шайлоо өткөрүлөрү кабарланган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Wold
2021-11-30 20:21:51
Көзү абдан коркунучтууго! Баарибир кыйратпайсың...
+5
ayzhan12
2021-11-30 21:25:13
Ишине ийгилик
-4
Dembele84
2021-12-01 03:23:16
ayzhan12,Кордунбу суротко чачын жайып сонун болуп тушуптур?)))
+2
Azizbek81
2021-11-30 21:34:00
Сен шайлоочулар менен жолугушуу откорсон,баягы аксакал тутуп алса пачагынды чыгаратко,же унутуп калдынбы качканынды,азыркы бийликти кетиребиз деп озунорчо,Жанар Акаев,момбеков,атамбаев,багов болушуп же эстен чыктынбы,элдердин эсинен чыкпайсынарго
+3
heaven2016
2021-11-30 21:46:00
Туура колдойм
-1
Taalaibek.
2021-11-30 23:46:19
Бир дагы айым депутат болбой калган окшойт.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан