Тышкы иштер министрлигинин каза болгон кызматкери тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев комментарий берди

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров Ковид-19 илдетине каршы атайын эмдөөдөн кийин каза болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы маалымат катчысы Елена Баялинова Фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан.

Бул боюнча саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн өткөн ар бир адамдын аты-жөнүн билишерин "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.

"Эмдөөдөн өткөн ар бир адамдын аты-жөнүн билебиз. Алар медицина кызматкерлери. Башка мекемелердин кызматкерлери эмдөөдөн өтө элек", - деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kadyrova_
2021-04-02 11:30:55
Ай кимбилет ким билет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан