Өлкөдө электр энергиясын колдонууда кубаттуулукка чектөө киргизилди. Мындай жагдайдын түзүлгөнүнө кээ бирлери түшүнүү менен мамиле кылса, айрымдары жакшы түшүнө албай убара болушууда. Айталы дегенибиз, акыркы күндөрү "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө кайрылгандардын көпчүлүгү электр жарыгы менен байланышкан көйгөйлөрдү айтышууда. Аларды төмөндө белгилей өтөбүз:
Өзгөн районунун тургуну: "Куршаб айылына караштуу Кызыл Октябрь айыл өкмөтүндө, Гүзар айылында кечки саат 18:00дөн 21:00гө чейин электр жарыгын өчүрүү болуп жатат. Кыш кирип келди. Аба ырайы суук, жаш балдар ыйлап жатат. Президент Садыр Жапаров, энергетика министри электр жарыгы өчүрүлбөйт деген эле. Буга байланыштуу тургундар Ош-Бишкек жолун тосуп митингге чыгабыз деп жатышат", - деп кайрылган окурман.
Лейлек районунун тургуну: "Мен Лейлек районунун тургуну болом. Бизде күн сайын түнкү саат 1:00дө электр жарыгы таңкы саат 5:00гө чейин өчүк болот. Азыр аба ырайы суук, жаш баласы барлар суукта кыйналып жатышат. Жарыктын өчүрүлгөнүнүн себебин түшүндүргөн эч ким жок. Лейлек району боюнча абал ушундай", - деп билдирди окурман.
Бишкектин тургуну: "Бишкекте батирлерде электр жарыгы эсептегичтен автоматтык түрдө өзү эле өчүп калууда. Жарым саат сайын өчөт. Беш мүнөттөн кийин өзүбүз күйгүзөбүз. Тиешелүү жерлерге байланышсак, акылдуу эсептегич электр энергиясы көбүрөөк пайдаланганда ошентип өчүрүп турат дейт. Тамак бышыра албай айлабыз кетти. Ушуну жөнгө салуунун айласы барбы? Суукта кыйналып кеттик, жаш балдар бар", - деп суроо салды окурман.

Аймактардагы электр энергиясы трансформаторлорго күч келген кезде көтөрө албай өчүп жатканын аймактык райондук электр станцияларынан (РЭС) билдиришти. Кызыгы, Лейлек РЭСи 3 айдан бери түнкүсүн болуп жаткан өчүрүү өкмөттүн токтомуна ылайык жүргүзүлгөнүн айтты.
"Өкмөттүн 2020-жылдагы токтомуна ылайык, июль айынан тарта сууну үнөмдөө, буга чейин жогорку чыңалууда иштеп келген электр жабдууларына күч келтирбөө, калыбына келтирүүгө жана көрсөтүлгөн чекти сактоо максатында электр жарыгы өчүрүлүп келет", - деп түшүндүрүштү.
Электр энергиясын чектөөгө ылайык, бир фазалуу колдонуучуларга 5 киловаттык, ал эми үч фазалууларга 10 киловаттык чектөө коюлду.
Эске алуу абзел:
- Чектөөдөн ашкан колдонуучуларда электр кубаты автоматтык түрдө өчөт;
- 5 киловаттан ашырбай колдонуу зарыл;
- Тиричилик техникаларын баарын бир учурда эмес, кезек-кезеги менен иштетиңиз.
- Ал эми электр кубаты лимиттен ашып өчкөн убакта акылдуу эсептегичтен күйгүзүп алса болот.
"Бирок акылдуу эсептегичтен электр жарыгын көп жолу күйгүзүүгө мүмкүнчүлүк түзбөгөнгө аракет кылыңыз. Анткени эсептегич иштен чыгып калышы ыктымал", - дешти "Түндүк электр" ишканасынан.

Ал эми Энергетика министрлигинен электр энергиясын колдонууда кубаттуулукка чектөө киргизилгени боюнча түшүндүрмө беришип, мындай кадамга баруу Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болгондугуна байланыштуу экендигин айтышты.
"Бир эле убакта бир нече тиричилик техникасын колдонуп жаткандыктан электр эсептегичтерге лимит коюлууда. Көпчүлүк ишканалар электр энергиясын өндүрүш үчүн колдонууга деп документ алып, иш жүзүндө жылытуу үчүн колдонуп жатканы белгилүү болду. Бул факты боюнча акт түзүлүп, пломбалар басылууда.
Жөнөкөй абоненттер электр энергиясын колдонуу эрежесине ылайык эки же андан ашык тиричилик техникасын бир эле учурда иштетүүгө уруксат берилбейт.
Трансформаторлор алдын ала эсептелген кубаттуулукка жараша иштейт. Алар ашыкча жүктөм менен иштесе, электр жабдуулары иштен чыгуу коркунучу бар", - дешти министрликтен.
Президент Садыр Жапаров буга чейин өлкөдө энергетика жана суунун тартыштыгы маселеси кечээ эле пайда болбогонун айткан. Ошондой эле өлкөдө бир нече ГЭСтин курулушу башталганын, 2025-жылга энергетикалык каатчылык жоюларын белгилеген.
"Энергетика жана суунун тартыштыгы маселеси кечээ эле пайда боло калган жок. Мен келе калып эле Токтогулдагы сууну жутуп алган жокмун да. Азыр бизде суу, электр энергия көйгөйү бар. Ошого карабай электр жарыгын өчүрбөгүлө деп талап коюп жатам.
Тарифтерди көтөргөн жокпуз. Ал үчүн биринчи кезекте пенсия, жөлөк пул жана эмгек акысын жогорулатып, андан кийин тарифтерди көтөрсөк болот. Антпесе энергетиканы өнүктүрүү мүмкүн эмес.
Өлкөдө бир нече ГЭСтин курулушу башталды жана 2025-жылга энергетикалык каатчылык жоюлат", - деген президент.
Мындан тышкары Жапаров Энергетика министрлиги бүгүнкү күндө 140 миллиард сомго жакын ички жана тышкы булактарга карыз экендигин
билдирген.
Буга чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаев энергетиктерге кышкысын электр жарыгын жана жылуулукту үзгүлтүксүз берүү боюнча бир катар тапшырмаларды берип, калк электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланбай жатканын айтып чыккан.
"Эртең менен саат тогуз, онго чейин үйлөрдүн короолорунун, мекемелердин тышкы жарыктандыруусу өчүрүлбөй турат. Жарыктын акчасын төлөп жатам да, бир лампадан эмне болот дешет. Бул туура эмес түшүнүк. Кыргыз өлкөсүнүн электр энергиясы суу ресурсуна түздөн-түз байланыштуу экенин жеткиликтүү түшүндүрүү керек. Муну менен катар энергияны үнөмдөөчү лампаларды колдонуу шарт", - деген министр.
Белгилей кетсек, буга чейин, 29-сентябрда "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасы өлкөдө сейил бактардын, кафе, ресторандардын көчөлөрдүн жана жарнактардын чырактары өчүрүлөрүн кабарлаган. Коомдун кызуу талкуусуна алынып, каршы пикирлер айтылгандан кийин Энергетика жана өнөр-жай министрлигиндеги башкармалыктын башчысы Айбек Айдаралиев көчөлөрдөгү электр жарыгынын өчүрүлүшү боюнча түшүндүрмө берген. Бир канча күн өткөн соң Бишкекте көчөлөрдөгү электр жарыктарына чектөө коюлбай турганы маалымдалган.
Маалымат үчүн:
5-ноябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 835 миллион куб метрди түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 198 метр куб болсо, агып чыгышы 586 метр куб болду.
Ал эми 2020-жылы бул күнгө карата суунун көлөмү 14 миллиард 715 миллион метр кубду түзгөн.
Быйыл былтыркы жылга (ред.: 5-ноябрга карата) салыштырмалуу болжолдуу 3 миллиард метр куб суу аз болууда.