ЖЫЛНААМА, 10-НОЯБРЬ: Бүткүл дүйнөлүк илим күнү

Дүйнө жүзүндө жыл сайын 10-ноябрда илимге пайда келтирүү үчүн коомчулуктун аң-сезимин жогорулатуу максатында Бүткүл дүйнөлүк илим күнү белгиленет. Майрамдын расмий жана толук аталышы - Тынчтык жана өнүгүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк илим күнү (World Science Day for Peace and Development). Бул күн коомчулуккка пайда алып келүү үчүн илимге жоопкерчиликтүү мамиле кылууну, адамдардын илим тармагында маалыматка ээ болуу деңгээлин жогорулатууну максат кылат. Майрам эс алуу күнү деп жарыяланбаса дагы, ар бир өлкөдө илим темасындагы майрамдык маанайдагы иш-чаралар өткөрүлөт.

10-ноябрды Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү деп белгилөө демилгеси 1990-жылы Венгриянын борбору Будапешт шаарында өткөн илимий конференцияда (World Conference on Science) көтөрүлгөн. Ал жыйында коомчулук менен илимдин ортосунда тыгыз мамиле түзүү маселеси каралган.

Кыргыз мамлекетинде 10-ноябрды илим күнү деп белгилөө боюнча токтом 2002-жылы 14-январда Кыргыз өкмөтү тарабынан кабыл алынган.

10-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан