Владимир Путин менен жакын мамиледе делген спортчу Алина Кабаеванын аземдеги жүзү көпчүлүктү таң калтырды

Көркөм гимнастика боюнча Олимпиада чемпиону, орусиялык коомдук жана саясий ишмер Алина Кабаева Милан шаарында өткөн Эл аралык спорттук кино федерациясынын жана телевидениенин 39-фестивалында атайын сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Сыйлык тапшыруу аземинен кийин Кабаева сөз сүйлөп, спортто бийиктиктерди багынткан спортчулар үчүн алардын популярдуулугун, тажрыйбасын пайдаланып элди спортко көбүрөөк тартуу милдети турганын баса белгилеген.

Кээ бир интернет колдонуучулар Алина Кабаеванын сырткы келбетинде, тактап айтканда жүзүндө белгилүү бир өзгөрүүлөр бар экенин байкашкан. Алар спортчу өз жашынан кыйла эле жаш көрүнүп калганын белгилешкен.

Эскерте кетсек, Алина Кабаева 2004-жылы көркөм гимнастика боюнча Олимпиада чемпиону болгон. Ошондой эле ал дүйнөнүн тогуз жолку жана Европанын он беш жолку чемпиону.

38 жаштагы Алина Кабаева жеке жашоосун ар дайым сыр кылып келет. Анын өмүрлүк жолдошу ким экендиги тууралуу эч кандай такталган маалымат жок. Бирок Орусиянын президенти Владимир Путин менен жакын мамиледе экендиги тууралуу көптөгөн сөздөр айтылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Belek1710
2021-11-11 10:47:37
Картайып кеткенби?
+12
ayzhan12
2021-11-11 11:06:08
Кудай аялдарды сулуу, жагымдуу, өзүнө тартып турган белгилерди кошо жараткан. Сулуулук - бул бакыттын, жакшылыктын белгиси. Андыктан ар бир айым дайыма сулуулука, билимдүүлүкө, терең ой жүгүртүүгө умтулуусу зарыл. Ошондо гана коомдо аялдар өз ордун табат.
-5
Fernando_Torres
2021-11-11 11:21:44
ayzhan12,Шайтанга окшоп тозоко эң көп түшкөн ушул бейиштин жанында
+4
ayzhan12
2021-11-11 13:04:35
Fernando_Torres,
Бейиш тозок молдолордун жомогу
-12
meni_kut
2021-11-11 12:30:36
ayzhan12,Сырткы сулуулук алдамчы келет
+6
Dembele84
2021-11-11 12:37:23
ayzhan12,чачын жайып да журсунбу?
+9
Aidan_Ek
2021-11-11 11:06:49
Жаш корунбой эле аябай картайып кетиптир го
+18
bond02
2021-11-11 11:28:51
Карылык Алинага эле келген го.
+11
Datka7777
2021-11-11 11:45:31
Жашарбай наоборот го
+10
Munir81
2021-11-11 14:29:12
Аяш тикаго
+2
Mister-XXX
2021-11-11 15:37:39
40 жашка чыккан аял деп ким айтат?Өтө эле карып кеткен го.50 жаштан өткөн аялдардай көрүнүп калыптыр.Екатерина Андреева кыйла улуу.Бирок мындан жаш көрүнөт.
+5
Aimani
2021-11-11 15:41:36
Картаң кишиге тийип алып өзү да картайып кетиптир. Жаш көрүнүп калганы ушу болсо мурда кандай болду экен. Менин эсимде мурунку гимнастка кези эле калыптыр.жапжаш,сулуу болчу.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан