Аламүдүндө темир дарбаза уурдаганга шектелип 3 жаран кармалды. Алардын бири өспүрүм

Чүй облусунун Аламүдүн районунда бир нече уурулукка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Арашан айылынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 1-ноябрь күнү анын темир дарбазасын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү жарандар жүргөн унаа аныкталып, жыйынтыгында жогорудагы уурулукка шектелип 1997-жылы туулган Т.Н., 2001-жылы туулган С.А. жана 2004-жылы туулган П.Б. аттуу жарандар кармалышкан.

Териштирүү учурунда уурдалган буюмду темир өткөрүүчү жайга сатып жиберишкени маалым болгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында, кармалган шектүүлөр Аламүдүн районунун аймагында дагы ушул сыяктуу 10 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталып, алардын экөө убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда шектүүлөрдүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан