Садыр Жапаров Стамбулда Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолукту

Бүгүн, 12-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин саммитинин (ТМКК) алкагында Азербайжандын резиденти Ильхам Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча маектешүү болду.

Мамлекет башчысы Ильхам Алиев менен жылуу учурашып, Кыргыз өлкөсү менен Азербайжан чыныгы боордош өлкөлөр экенин баса белгилеген.

Ал Кыргыз өлкөсү боордош азербайжан элинин ийгиликтери менен жетишкендиктерине ар дайым кубанарын белгиледи. Садыр Жапаров мындан ары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана саясий чөйрөлөрдө кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирген.

Ошондой эле Садыр Жапаров эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул эки тараптуу сооданын көлөмүн көбөйтүүгө, өз ара соода жүгүртүүнүн өсүшү үчүн эң жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.

Өз кезегинде Азербайжандын президенти Ильхам Алиев белгилегендей, ТМККнын бүгүнкү саммити бүткүл түрк дүйнөсү, анын ичинде Кыргыз мамлекети менен Азербайжан үчүн тарыхый мааниге ээ, анткени кеңештин макамы Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна жогорулап жатат.

Илхам Алиевдин пикири боюнча, бул эки мамлекеттин мамилелери жана саясий, экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара кызматташтыктын кеңири багыттары тууралуу сүйлөшүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.

"Азербайжандын президенти эки мамлекет башчыларынын жолугушуусу Кыргыз өлкөсү менен Азербайжандын элдеринин бакубатчылыгы үчүн байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө дем берерине ишенимин билдирди. Анын пикиринде, кыргыз-азербайжан кызматташтыгы толук кандуу жана жыйынтыкка багытталган", - деп билдиришти президенттик администрациядан.

Эки өлкөнүн лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан