Мелис Турганбаевдин шайлоочулар менен жолугушуусу жогорку деңгээлде өттү

Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу №28 Октябрь шайлоо округунан талапкер Мелис Турганбаев Бишкек шаарындагы 11-кичи районунун тургундары менен жолугушту. Райондун тургундары талапкерлерди жылуу тосуп алышты. Жолугушууга жүздөн ашуун шаар тургундары катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мелис Турганбаев басып өткөн эмгек жолу, алдына койгон максаты жана шайлоо алдындагы программасы тууралуу кеңири айтып берди. Ошондой эле ал шайлоочулардын суроолоруна жооп берди. Суроолор көбүнчө талапкердин шайлоо алдындагы программасы жөнүндө болду.

“Мен 40 жылга жакын укук коргоо тармагында иштедим. Бул жылдар аралыгында өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгүн орнотууга жана милиция менен элдин ортосундагы мамилени бекемдөөгө аракет кылдым. Эми өлкөнүн өнүгүшүнө жана элдин жашоо турмушун жакшыртууга салым кошуу максатында парламенттин депутаттыгына талапкерлигимди коюп жатам”, - деди Турганбаев.

Мелис Турганбаев шайлоо алдындагы программасында Кыргызстанды өнүктүрүүнүн негизги багыттары камтылганын жана өлкө турмушундагы көйгөйлөрдү чечүү жолдору белгиленгендигин билдирди.

Атка минерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелерине жана чыгашаларына такай мониторинг жүргүзүүнү демилгелеп жатабыз. Мыйзамсыз баюуга шектелсе, алар статусуна жана ээлеген кызматына карабастан кылмыш жазага тартылат. Ошондой эле күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүнүн учурдагы системасын жокко чыгарабыз. Алардын эффективдүүлүгүнүн негизги критерийи жарандардын ишеними болот. Мындан тышкары мамлекет-менчик өнөктөштүктүн негизинде жаңы бала бакчаларды курууну демилгелейбиз жана бишкектиктердин коопсуздугун камсыздоо максатында “Коопсуз короо” жана “Коопсуз шаар” долбоорлорун ишке ашырууну тездетебиз. Аны менен бирге эле жаңы жумуш орундарынын түзүлүүсүнө өбөлгө түзөбүз жана сергек жашоону тартуулайбыз жана башка бир топ багыттар боюнча иш алып барабыз”

Ошондой эле талапкер элди тууганчылык, жердешчилик деген оорудан арылып, татыктууларды чын жүрөктөн шайлоого чакырды.

“Урматтуу элим, эгерде сиз кайсы бир талапкерге добуш берүүнү билбей жатсаңыз, анда талапкерлердин тизмесин карап чыгыңыз. Буга чейин ким кандай жерде эмгектенгенин, жемкорлук иштерине малынганбы же жокпу текшериңиз жана шайлоо алдындагы программасына да өзгөчө көңүл буруңуздар. Талапкерлер айтып жаткан сунуштарын реалдуу ишке ашырууга тажрыйбасы, билими жана күчү жетеби, мына ушуга басып кылыңыздар. Мен таза шайлоону жактайм. Себеби өткөн шайлоолордон сабак алып, бир эле катаны кайталап отура бербестен өлкөнү өнүктүрүү үчүн биргеликте алдыга кадам таштайлы. Өлкөдө өнүгүү, мыйзамдуулук жана тартип болсун десеңиздер, добушуңуздарды сатпай, татыктууларга добуш бериңиздер. Эгер мага ишенип, добушуңуздарды берсеңиздер, сиздердин үмүттү толук актайм деп ишенимдүү түрдө айта алам”, – деп сөзүн жыйынтыктады талапкер.

Жолугушуунун соңунда шаар тургундары талапкердин программасын колдоп, талапкерге ийгиликтерди каалап, ак батасын беришти.

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Мелис Турганбаев шайлоо бюллетенинде 5-номер менен катышууда.

Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турганбаев Мелис Токтомамбетович.Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 13-ноябрь. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турганбаев Мелис Токтомамбетовичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сапарбек кызы Карачач тарабынан төлөндү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhaynak
2021-11-13 11:47:36
Блиин "Мелис байке" боп кетет окшойбуз а.
-3
Kushu_0703
2021-11-13 14:11:16
Примерна 45 адамекен
+4
rysik79
2021-11-14 17:10:23
Өрдөктөр жылуу жака учуп жатышат.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан