Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча 292 талапкер калды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Облустар боюнча талапкерлердин саны төмөнкүдөй:
- Баткен облусу – 37 талапкер;
- Ош облусу – 46 талапкер;
- Жалал-Абад облусу – 45 талапкер;
- Талас облусу – 13 талапкер;
- Чүй облусу – 58 талапкер;
- Бишкек ш. – 27 талапкер;
- Нарын облусу – 27 талапкер;
- Ысык-Көл облусу – 39 талапкер.