“Ата-Журт Кыргызстан” №21. Маткеримов: "Чет жактагы мекендештердин укугун коргой турган мыйзам жазабыз!"

Тектеш кабарлар: Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо - 2021 (430 материал)

Мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу – калктын билим алуусуна жана дени сак болушуна көрүлгөн камкордук. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын Токтогул жергесинин тургундары менен жолугушуусунда лидер Айбек Маткеримов билдирди.

Ал “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын катарында ар бир тармактын, ар бир кесиптин өкүлдөрү бардыгын белгиледи. Бардык тармактын өкүлдөрү бириккен күчтүү команда элдин колдоосуна ээ болоруна ишенерин айтты.

“Биздин партия "Ата-Журт Кыргызстан" туруктуу өнүгүү жолунда деген ураан менен 7 багытты карманып жарышка аттанды. Өлкөдөгү болуп жаткан жана болуп келген көйгөйлөрдү чечүү үчүн сиздерге иштеген мыйзамдарды жазабыз жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйбүз. Бизде мүчүлүштүктөр абдан көп. Мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин айлык акысы аз. Экономиканы көтөрүү менен мугалим жана саламаттыкты сактоо жаатынын кызматкерлеринин маянасын жогорулатабыз жана сиздердин билим алууңуздарга, дени сак болушуңуздарга кам көрөбүз!, – деди Айбек Маткеримов.

Лидер партиянын программасында чет жакта жүргөн кыргыз мигранттарынын коопсуздугу каралганын билдирди:

“Ар бирибиздин жок дегенде бирден уул-кыздарыбыз чет жакта иштеп жүрүшөт. Өлкөбүздүн казынасын алыстан толтурушууда. Бирок биз алардын укугун коргой албай жүрөбүз. Кудай буюруп, сиздер колдоп Жогорку Кеңешке барып калсак, чет жактагы мекендештерибиздин укугун коргой турган мыйзам жазабыз жана анын аткарылышын көзөмөлдөйбүз! Анткени ар бир адамдын өмүрү, коопсуздугу мамлекет үчүн башкы орунда турушу керек! “Ата-Журт Кыргызстан” партиясын колдоңуздар!”

Андан ары парламенттик шайлоодо добуш берүү ар бир шайлоочунун атуулдук парзы болорун эске салды.

“28-ноябрь өлкө тагдырын чечүүчү күн, мыйзам чыгаруу бутагына сабаттуу, туура мыйзамдарды жаза ала турган инсандарды алып келчү күн. Ошондуктан бул күнгө кайдыгер карабаңыздар. Азыр “менсиз деле шайлоо өтөт” деген түшүнүктү кармангандар да көп. Андай болбош керек, ар бирибиз мамлекеттин эртеңине кайдыгер болбой, атуулдук милдетибизди аткаралы! Шайлоо – бул аманат, аманатка кыянаттык кылбайлы!”, – деди Маткеримов.

«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча, «SUPER.KG» тарабынан 2021-жылдын 14-ноябрында чыгарылды, нускасы 1 даана, дареги: Кыргыз Республикасы Бишкек ш. Турусбеков көч.109, партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан