Шайлоо алдындагы үгүт иш-чаралары башталган учурдан тартып бүгүн, 15-ноябрь саат 08:00гө карата шайлоонун жол-жобосун бузган 128 факты катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул көрсөтүлгөн аралыкта 28 кылмыш катталды. Анын ичинен "шайлоочуларды сатып алуу” боюнча 21 факты, "жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” боюнча 2 факты, "уурдоо” боюнча 2 факты, "бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук” боюнча 1 факты, "өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу жана коркутуу” боюнча 1 факты, "ээнбаштык” боюнча 1 факты катталган.
Жогоруда көрсөтүлгөн мезгил аралыгында 27 жоруктар катталган. Мындан тышкары, ИИОнун маалыматтарды каттоо журналына ар кандай 73 материал катталган, анын ичинен 43 номенклатуралык ишке чыгышталган, 15 материал аймактык шайлоо комиссиясына карап чыгууга жөнөтүлгөн, 8 материал башка сотко чейинки өндүрүшкө бириктирилген, дагы 7 материал каралууда.
Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, мессенжерлердеги, социалдык тармактардагы чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат жана мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына - 102 телефон номери аркылуу кабарлоону суранат.
Ички иштер министрлиги саясий маселелерге катышпайт, бардык жарандарга жана партияларга бирдей мамиле кылат, кырдаалды туруксуздаштырууга жол бербейт, бирок укуктук тартиптин бузулушу боюнча фактылар орун ала турган болсо анда ал фактылар катталып, мыйзам чегинде коомдук тартипти бузгандарга чара көрөт.