Адахан Мадумаров: "Аты-жыты жок партиялар "Бүтүн Кыргызстандан" эки эсе көтөрүлүп кеткенине түк акылым жетпей жатат"

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров шайлоонун жыйынтыгы боюнча оюн билдирди.

"Шайлоонун жыйынтыгын эки тараптуу карап жатам. Биринчиден элибиз тараптан өтө чоң кайдыгерлик. БШК айтып жатпайбы, элди ташыбай калып ушунча гана адам шайлоого келди деп. БШК шайлоону жыйынтыктап жатканда 1 миллион 200 миң киши катышканын баарыбыз эле көрүп жаттык да. Анан эле төрт партиянын добуштарын эсептегенде алардыкы эле бир миллиондон ашып кетти. Ошондуктан бул жерде чоң бир балекет болот, ошол үчүн байкаш керек.

Биз былтыркы эле алган добушту алдык. Маселе башкада, кечээ эле пайда болуп, аты-жыты жок, эч кандай мындай үгүп иштерин жүргүзбөгөн партиялар "Бүтүн Кыргызстандан" эки эсе көтөрүлүп кеткенине түк акылым жетпей жатат. Аларга ким добуш берди? Кээ бир жерлерден сурасак ошол партиянын жетекчисин билбейт, анан кантип добуш беришти", - деди Мадумаров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Kanybekov94
2021-11-28 22:58:44
Сени деле откозбой койсо болмок
-1
KG-312
2021-11-28 22:59:18
Бул шайлооңорда болбоду, эркекче өтпөдү, дагы тополоң болосуңар али!
-2
Dembele84
2021-11-28 22:59:29
Ишеним,Ынтымактар ото табышмактуу болуп алдыга чыгып кетти
+14
bayern-munchen
2021-11-28 23:00:13
Билген Мадумаров сен эмнени кыйраттын так даана иш планын жок
-1
Fernando_Torres
2021-11-28 23:01:32
Ишенимди шайлагандар көп эле болду башкасын билбейм
-9
bond02
2021-11-28 23:08:53
Алар Садыр, Камчы жыттанган партиялар. Алар жон гана суроттор а двигательдери башка.
+9
rahat73.
2021-11-28 23:13:22
Блютен түшүнүксүз болуп жатты көпчүлүккө
-1
Kolyaa
2021-11-28 23:20:01
МЕН МАКУЛ ЭМЕСМИН деп койсоң.
-3
Stom01
2021-11-28 23:22:15
Өтө текебер адам экениңди дагы бир жолу далилдедиң
-5
Alishdaman
2021-11-28 23:55:56
Админ ресурс колдонуп кетишти Бүтүн Кыргызстан партиясы 11.87 пайыз менен турат болчу шайлоонун сайттын өчүрүп койду кайра иштетишти Бүтүн Кыргызстан партиясы 6,77 пайызга түшүп калды.Бир мандаттуулардын пайыздары ошол бойдон эле калды
+9
KaGaH
2021-11-29 02:38:11
Кыскасы баягы баягы койчумандын таягы,Садыр авамдын түбүнө ала көөдөн Ташиуйуп жетет көрүнөт, Асылбек менен Жанышка окшоп!
+5
kadamjai1977
2021-11-29 10:56:28
Тооба кылдым дакансалар Адахан мырзага кай жерде болбосун асылганыңарды койбодуңарда,болдуда кысчу жериңерди кыскыла эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан