Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 519 миллион метр кубду түздү

Бүгүн, 15-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 519 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

"15-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 519 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 186 метр куб, агып чыгышы 544 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.

Былтыр, 2020-жылдын 15-ноябрында Токтогул суу сактагычында суу 14 миллиард 431 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан