Доскул Бекмурзаев: "Көмүрдүн баасын 3 миң сомго түшүрүү реалдуу"

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев республикада көмүр жетиштүү экенин, болгону жеткирүүдө маселе болуп жатканын "Азаттыкка" берген маегинде белгиледи.

"Калкты 100 пайыз көмүр менен камсыз кылуу мүмкүн. Азыр андай процесс жүрүп жатат. Социалдык объекттердин кампалары кичинекей, ошондуктан көмүрдү мүшөк менен алган учурлар болуп калат. Бүгүнкү күндө биз "Кара-Кечеден" көмүрдүн тоннасын 1 миң 330 сомдон сатып жатабыз. Ал жерден аймактарга деп туруп Бишкекке келип сатып жатышат. Кечээтен бери тиешелүү мекемелер менен атайын топ түзүп, рейдге чыгып баштадык.

Бишкектин базарларына жетпей жолдун боюнда көмүр сатып жаткан айдоочуларга, ташууларга жолуктук. Бирок түшүнбөгөн адамга түшүндүрсөң деле болбойт экен. Көмүр ташып келген ар бир айдоочу орто эсеп менен 60 миң сом пайда көрүп жатат. Бул далилденген", - деди министр.

"Бизге көмүрдүн баасы 5 миң сомдон ылдый түштү деген маалымат келди. Андан тышкары биз өкмөттөн унааларды сурадык, кампаларга арзан көмүрлөрдү алып келип, баасын 3 миң сомдон ашырбаганга аракет кылып жатабыз. Биз унааларды жалдап, жүктөп берип жаткандан кийин бир тонна көмүрдүн баасын 3 миң сомго түшүрүү реалдуу. Өлкөдө көмүр жетиштүү, маселе аны жеткирүүдө болуп жатат", - деп кошумчалады Бекмурзаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kolyaa
2021-11-15 20:06:44
Көмүрдүн баасын жайында чечиш керек болчу, эми кеч болду канча аракет кылба пайдасы жок.
-2
SHaidulda
2021-11-16 00:02:50
Шайлоого чейин алып алгыла туугандар комур 3жакын томондосо шайлоодон кийин каалаган баасын койушат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан