Өлкөдө бензин дагы кымбаттайбы?

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргыз өлкөсүндө да акыркы убактарда кымбатчылык күч алды. Алардын арасында күйүүчү май дагы бар. Тийиштүү кызматтардан күйүүчү майдын баасынын жогорулашы жакын арада токтобой тургандыктарын айтышууда.

Ага удаа эле жергиликтүү маалымат каражаттарына окурмандар май куюучу жайларда чектөө коюлуп жатканын айтып кайрылышты. Бул боюнча Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатовго байланышып, жооп алдык.

"Бензинге болгон чектөө боюнча биздин ассоциацияга кирген компанияларда бакты толтуруп куюп кетет. Андан тышкары башка идиш ала келген болсо ошого куюлбайт. Бензиндин запасы ар кайсы компанияда ар кандай. Биздин компаниялардыкы эң көбү 20 күндүк запас бар. Калгандарыныкы 2 жума, 10 күн. Анткени Орусиядагы компанияларда да тартыштык болгондуктан чоң көлөмдө мунай сатпай жатышат.

Солярка боюнча да ошондой. Бакты толтуруп куя алат, ал эми идиш ала келсе ага куюп берилбейт. Солярка менен бензиндин запасы бирдей", - деп билдирди Эшатов.

Буга чейин күйүүчү майга болгон баа кескин көтөрүлбөй турганын, бирок акырындык менен баа жогорулашы мүмкүн экендигин Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков кулак-кабыш кылган. Ошондой эле ал өлкөдө бир жарым айга жетиштүү күйүүчү майдын запасы бар экенин кошумчалаган.

"Акыркы кезде Орусияда дагы дүң баалар көтөрүлгөн. Алар менен бааны кескин жогорулатпоо боюнча сүйлөшүп алдык. Көтөрсө дагы иреттүү көтөрүшөт.

Бизде күйүүчү майдын бир жарым айга жетиштүү запасы бар", - деген Тайлаков.

Ошондой эле ал бааларды бир калыпта кармап туруу максатында агенттик бир канча механизмдер менен иш алып барып жатканын кошумчалап өттү.

"Биринчиден, аталган рынокто иштегендер менен жолугушуу өткөрүп, сунуштарын угуу. Экинчиден, башка мамлекетте абалга, өз наркы жана ташуу наркы тууралуу талдоо жүргүзүлөт. Үчүнчүдөн, баа кескин көтөрүлүп кеткенде эскертмелер берилет. Ал аткарылбаса айып каралат.

Бир апта мурунку жолугушууда күйүүчү майдын баасын кескин көтөрбөө боюнча тийиштүү талаптар коюлду", - деген ал.

Коңшу өлкөлөрдө күйүүчү майдын орточо баалары (ред.: 10-ноябрга карата алынган):

  • Казакстанда 58 сом;
  • Өзбекстанда 76 сом;
  • Орусияда 62 сом;
  • Арменияда 87 сом;
  • Тажикстанда 87 сом болууда.
10-ноябрда өлкөдө бензиндин орточо баасы 55 сомду түздү.

Өлкөдө күйүүчү майдын баасы Баткен жана Чаткалда башка аймактарга салыштырмалуу 7-8 сомго айырмачылыктар бар, тагыраагы кымбат. Ал жолдон алыстыгы, чыгымдардын көптүгү менен байланыштуу.

Бишкек-Токтогул багыты боюнча каттаган таксист Азамат Жээнбеков учурда күйүүчү майга болгон баанын өсүшүнө нааразы экендигин айтты.

"Бир ай мурун бензинди 54-55 сомдон куюп жатканбыз. Мындан улам жол кире дагы кымбат болуп, жүргүнчүлөргө дагы бир аз кыйынчылык жаратты. Учурда кымбатчылык болуп турган чакта, бензиндин кымбат болгонуна баары эле нааразы болсо керек. Айла жок эми", - деди ал.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы буга чейин калкты жана бийликти күйүүчү май рыногундагы учурдагы абалга түшүнүү менен мамиле кылууну суранышкан. Себеби өлкө күйүүчү майды сырттан ташып келет. Ага коюлган баа импортко байланыштуу.

"Мунайга жана мунай продуктыларына баанын өсүшү дүйнөлүк тенденция, ал эми Кыргыз өлкөсү импорттон көз каранды болгондуктан тышкы факторлордун таасирин тең салмактай албайт", - деп айтышкан ассоциациядан.

Эске салсак, октябрь айында Кыргыз өлкөсүнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү май рыногунда алдыда критикалык жагдай жаралат деп коңгуроо каккан. Ошондой эле алар калкты жана бийликти күйүүчү май рыногундагы учурдагы абалга түшүнүү менен мамиле кылууну суранышкан.

Жогорудагы эскертүү боюнча Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти баалардын кескин түрдө өсүшү критикалык жагдай экендигин айтты. Ошондой эле баалардын өсүшү жакын арада токтобой турганын кошумчалады.

"Октябрдан бери мунай затына кескин түрдө баалардын өсүшү критикалык жагдай. Орусия күйүүчү майга чектөө киргизди. Ошондуктан тартыштык болуп жатат. Орусиянын заводдору бааларды көтөрө берсе биз алардан көз каранды болгондуктан, бизде да көтөрүлө берет.

Баалардын өсүшү качан токтойт белгисиз. Бул көрүнүш 2022-жылдын орто ченине чейин боло тургандай болуп жатат", - деди Эшатов.

Эске салсак, күйүүчү майдын кымбатташы менен Бишкек шаарында жол акы дагы көтөрүлдү. Анда жүргүнчүлөр кичи автобустарга 15 сом, троллейбус жана автобустарга 11 сомдон төлөшөт. Ошондой эле Жалал-Абад шаарында жол акы көтөрүү сунушу шаардык кеңештин сессиясында колдоо тапты. Ага ылайык, мектеп окуучуларына 5 сом, пенсионерлерге 8 сом, ал эми калган жүргүнчүлөр үчүн 15 сом болмокчу.






кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
keba300989
2021-11-16 16:38:24
Казакстанда 46 сом экен
-1
KG-312
2021-11-16 16:50:23
Казахстанда 30 сомдун тегереги. Эмнеге Казактардан сатып албайт, ошону да сурасаңар супер.инфо!
+5
bratanyn
2021-11-16 18:36:13
Идишке куйса аз куйганы билинип калат да.
+3
Munir81
2021-11-17 13:25:48
Лейлекте АИ-92 65,60 тыйын ДТ-65сом
+1
make2
2021-11-17 19:56:52
Казакстанда 36 сом экен так маалымат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан