Бүгүн, 16-ноябрда Бишкектеги Мурманская көчөсүндө көмүр сатылган базада кезекке тургандардын саны көп. Алар көмүрдү 3000 сомдон алып калуу үчүн кезекке турушкан. Бир адамга 2 тоннадан алса болот деп айтылган, бирок учурда 1 жарым тоннадан гана көмүр берилип жатат.
"Эртең менен келгем. Көмүр алуу үчүн кезекке 423-болуп жазылдым", - деди көмүр алганга келгендердин бири.
Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2 аймагындагы конуштун жашоочулары менен жолугушкан учурда көмүрдүн баасы 3 миң сом болорун айткан.