9-декабрь күнү Мелис Эшимкановдун жаркын элесине арналган кече өтөт

9-декабрь күнү Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда белгилүү коомдук ишмер Мелис Эшимкановдун жаркын элесине арналган кече өтөт. Кече эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө "Азыркы заманбап журналистиканын абалы" деген теманын алкагында конференция өтүп, Мелис Эшимкановдун жакындары, достору ал тууралуу эскеришмекчи. Ошондой эле биринчи бөлүгүндө журналисттер арасында жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгарылып, 100 миң сом байге ыйгарылат. Ал эми экинчи бөлүгүндө концерт, Мелис Эшимкановдун эмгектеринин жыйынынын бет ачары болмокчу. Эске салсак, ушул жылдын 9-декабрында Мелис Эшимканов 50 жашка толмок. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан