Коронавирустан дагы 2 адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар эмдөөдөн өткөн эмес. Жалпы каза болгондордун саны 2 миң 712ге жетти. Стационарда 521 жана амбулатордук түрдө 734 адам дарыланып жатат.