Пандемия шартында COVID-19 илдети менен күрөшүүгө Кыргыз өлкөсүнө чет мамлекеттер тарабынан бир катар жардамдар көрсөтүлгөн. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев брифинг учурунда кайсы өлкөдөн кандай жардам келгенине токтолду.
Орусиядан көрсөтүлгөн жардам:
* 10 миң изилдөөлөрдү жүргүзүүгө ылайыкташкан ПЦР-тесттер;
* 1 миң 875 даана реагент;
* Роспотребнадзордун жана Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарыгерлеринин жана адистеринин иш сапары;
* Орусиянын Коргоо министрлигинин аскер дарыгерлеринин тобу келди. Ошондой эле өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар, кычкылтек концентраторлору, пульсоксиметрлер жана башка жабдуулар алып келинди;
* Башкортостан Республикасынан медициналык кызматкерлери медициналык мекемелерде иштөө жана консультативдик жардам көрсөтүү үчүн келишти.
Кытай Эл Республикасынан көрсөтүлгөн жардам:
* Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнөн расмий тартипте эки гуманитардык жардам алынган. Биринчи жүк 10-апрелде, ал эми экинчиси 11-майда келген. Жүктүн курамында экспресс-тесттер, медициналык халаттар, жылуулук термометрлери, коргонуу көз айнектери, медициналык кол кап, бет кап жана башка жеке коргонуу каражаттары бар;
* Кытайдын өкмөтүнөн тышкары өкмөттүк түзүмдөрү, региондору, кытай компаниялары тарабынан дагы чоң жардам берилген. Алардын арасында Кытайдын бир катар министрликтери жана ведомстволору, Синьцзян-Уйгур автономдуу району, бир катар провинциялардын элдик өкмөттөрү, Фошань, Үрүмчү, Шанхай шаарларынын мэриялары, "Алибаба", "Хуавэй", "Джунда", "COSCO", "China MehecoCo." компаниялары, "Жек Ма" фонду жана башка көптөгөн компаниялар бар.
Түркиядан көрсөтүлгөн жардам:
* Эки өлкөнүн башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча, 15-июлда Бишкекке Түркиядан жардам келди. Жардамдын ичинде өпкөнү жасалма дем алдыруу (ИВЛ) аппараттары, кычкылтек концентраторлору, ПЦР-тест топтомдору, жеке коргонуу каражаттары бар;
* ТИКА агенттиги орчундуу көмөк көрсөтүп келген жана көрсөтүүдө. Түркиянын элчилигинин демилгеси менен өлкөбүздө иштеп жаткан түрк компанияларынан жардамдар алынган;
* Пандемияга каршы күрөшүүдө Кыргыз-Түрк ооруканасы маанилүү жардам көрсөттү.
Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн келген жардамдар:
* Казакстандын өкмөтү тарабынан 5 миң тонна көлөмдөгү ун түрүндө азык-түлүк жардамы берилди, ал 29-апрелден 2-майга чейин этап-этабы менен жеткирилди;
* Өзбекстан өкмөтү тарабынан беш партия жүктөр жөнөтүлдү, анын ичинде жеке коргонуу каражаттары, азык-түлүк, дары-дармектер жана жабдуулар бар;
* Мындан тышкары Япония, Корея Республикасы, АКШ, Канада, Венгрия, Германия, Швейцария, Бельгия, Сауд Араб Падышалыгы, Бириккен Араб Эмирлиги, Катар, Кувейт, Пакистан, Иран, Индия жана башка көптөгөн мамлекеттерден гуманитардык, техникалык, медициналык жардамдар алынды.
Эл аралык уюмдардан жана өнөктөштөрдөн келген жардамдар:
* 16-июлда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан жалпы суммасы 508 миң 78 доллар өлчөмүндө кезектеги жардам келип түшкөн. Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиги коронавирусту аныктоо үчүн 63 миң 795 еврого бааланган тез ылдамдыктагы жабдуу жана ага керектелүүчү материалдар алынган.
* Мындан сырткары өнүгүү боюнча өнөктөштөр, ардактуу консулдар, түрдүү компаниялар жана кайрымдуулук уюмдары тарабынан жардам көрсөтүлгөн. Алардын арасында Европа Биримдиги, Ага Хан ѳнүктүрүү фонду, "JICA", "KOICA", "USAID", "GIZ", "Ротари Клуб Бишкек", ошондой эле "Катар Чарити", "Исар", "Рисаля", "Фонд Ас-Сафа", "Ассанабиль", "Fael Khair Program" фонддору бар.