Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб жарандарды эл көп чогулган жерлерден оолак болууга чакырат. Бул тууралуу коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтылды.
"Жарандарды социалдык тармактарда тараган божомолдорго эмес, расмий билдирүүлөргө ишенүүгө чакырабыз. Ошондой эле эл көп топтолгон жерлерге барбоо, көп адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрүүнү чектөө, өздүк гигиена эрежелерин кынтыксыз сактоо, балдар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чараларын сунуштайбыз", - дешти республикалык штабдан.
Маалым болгондой, 27-февралга карата өлкөдө коронавирус менен жабыркагандар катталган жок. Республиканын мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Мамлекеттик органдар туруктуу негизде дүйнөдөгү кырдаалга көзөмөл салып, мониторинг жүргүзүп, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен байланышта болууда.
Кыргызстан Кызыл ай коому Саламаттыкты сактоо министрлиги, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен биргеликте коронавирустан коргонуунун бир катар эрежелерин сунуштайт.