"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан 285 миң 945 адам көз жумду

12-майга карата дүйнө боюнча 4 миллион 174 миң 651 адам коронавирус жуктурган. Анын 1 миллион 455 миң 731 бейтабы сакайып, ооруканадан чыгарылган. 285 миң 945 адам инфекциядан көз жумган.

Дүйнөдө коронавирус кулач жайган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШда 1 миллион 347 миң 151 адам коронавирус илдети менен катталды. Андан 232 миң 733 адам сакайса, 80 миң 378 бейтап каза болду.

Коронавирустун жайылуусу боюнча экинчи орунду ээлеп жаткан Испанияда 227 миң 436 адам коронавирус илдетин жугузган. Андан 137 миң 139 бейтап айыгып, ооруканадан чыккан. 26 миң 744 бейтап дүйнө салган.

Үчилтикке илинген Англияда 224 миң 332 адамдан коронавирус илдети аныкталып, 1012 адам айыгып чыкса, 32 миң 141 адам көз жумду.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан