Бүгүн, 12-ноябрда эмгек министри Алмаз Имангазиев Бишкектеги "Келечек" реабилитациялык борборуна барып, балдар үчүн түзүлгөн шарттар жана адистердин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Министр өзгөчө муктаждыктары бар балдардын ата-энелери менен жолугуп, алардын сунуштарын укту. Ата-энелер борбордогу кызматтардын сапатына оң баа берип, аны кошумча жабдуулар менен камсыздоо боюнча сунуштарын билдиришти.
Борбордун маалыматына караганда, учурда 49 адам реабилитациялык кызмат алууда. Алардын 37си стационардык, 12си күндүзгү бөлүмдө кызмат көрсөтүшөт. Балдар менен бирге 29 коштоочу адам бар.
"Келечек" борбору 2022-жылдын 29-декабрында ачылган. Ошондон бери 2546 бала реабилитациялык кызмат алган. Борбордогу бардык кызматтар акысыз көрсөтүлөт.
Министр балдар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн шарттарды жакшыртуу, реабилитациялык кызматтардын сапатын жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.