
Бүгүн, 12-ноябрда
Клара Сооронкулова президенттикке өзүнүн талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата БШКга өлкө башчылыгына талапкерлигин көрсөтүү боюнча жалпысынан 11 арыз келип түштү.
Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү бүгүн саат 24:00дө аяктайт.