Биз социалдык тармакта

Лейлекте акысыз медициналык кароонун жыйынтыгы талкууланды

Бүгүн, 12-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгерлери менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда 19-23-октябрь күндөрү Лейлек районунда өткөрүлгөн акысыз медициналык кароонун жыйынтыгы талкууланды. Анда жергиликтүү тургундардын, анын ичинде балдардын жана чоңдордун ден соолугун текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган көйгөйлөр, бейтаптарды мындан ары көзөмөлдөө жана дарылоо маселелери каралды.

Дарыгерлер онкологиялык ооруларды эрте аныктоо, бейтаптарды өз убагында текшерүүдөн өткөрүү жана медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуштарын билдиришти.

Белгилей кетсек, депутаттын демилгеси менен УЗИ дарыгери, балдар онкологу, гинеколог, жалпы практикалык дарыгер жана маммолог 19-23-октябрь күндөрү Раззаков, Сүлүктү шаарларында жана Баткен шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда тургундарды акысыз кабыл алышкан.

Жолугушуунун соңунда Исманали Жороев дарыгерлер менен мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирип, Лейлек элине акысыз медициналык жардам көрсөткөн адистерге Жогорку Кеңештин Ыраазычылык каттарын тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан