УКМК депутаттыкка талапкердин тууганын Бишкекте добуш сатып алуу фактысы менен кармады

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин бирин добуштарды сатып алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шайлоочулар арасында акча каражаттарын бөлүштүрүү учурунда Бишкек шаарынын бир мандаттуу округдан талапкердин тууганын кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, шектүү талапкердин жакын тууганы ал Бишкек шаарынын райондук жана үй комитеттеринин айрым төрагаларын мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоочуларды акчалай сыйлык алуу үчүн сатып алууга көндүргөндүгү аныкталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө соттун санкциясы менен 16-ноябрь күнү акча каражатын бөлүштүрүү учурунда пара менен кармалган С.М.нын добуштарды сатып алуу фактылары боюнча төгүндөлгүс фактылар табылган.

Ошол эле учурда С.М. жана анын унаасын тинтүүдө шайлоочулардын дареги көрсөтүлгөн тизмеси менен ири суммадагы акча каражаты табылган. Сурактын жыйынтыгы менен кармалган шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда жогорудагы фактыларды аныктоо жана документтештирүү, ошондой эле шайлоочуларды сатып алуунун жогорудагы мыйзамсыз схемасына тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-11-17 13:58:09
Шайлоого эки уч кун калганда мындайлар коп чыгат али!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан