Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду COVID-19 менен күрөшкөн дарыгерлердин октябрь айы үчүн компенсациясын төлөп берди. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.
Белгилүү болгондой, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду октябрь айы үчүн жалпысынан 44 миллион 396 миң 84 сом бөлгөн.
"Октябрь айында Саламаттыкты сактоо уюмдарынын коронавирус менен күрөшкөн 3 миң 931 кызматкерине компенсация берилди. Анын ичинен 825 дарыгер, 1 миң 599 орто, 535 кичи медперсонал жана 972 башка кызматкерлер алышты", - деп жазылат маалыматта.
Ай сайын төлөнүүчү компенсациянын республика боюнча бөлүштүрүлүшү: