Англиянын ханышасы Елизавета II`нин уулу, ханзаада Чарльз Уэльский коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ханзаада Чарльз Уэльский жана аялы Камилла Корнуольская коронавируска шектелип, тест тапшырган. Тесттин жыйынтыгында ханзаададан коронавирус аныкталып, ал эми аялынан коронавирустун белгилери табылган эмес. Ханзааданын абалы учурда жакшы экени, аялы экөө учурда Шотландиядагы үйүндө экени кабарланат.