Учурда Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарынан келе албай жаткан ырчы Дайыр Исмадияров бүгүн Казакстанга учарын SUPER.KG порталына айтты.
"Бизге Кыргыз өлкөсү чартердик авиакаттам уюштуруп бере алган жок. Башында "Авиатрафик" компаниясы алып кетет деп жатышкан. Ал болбой калды, эмнеге ишке ашпай калды, себебин да айтышкан жок. Бизди бүгүн, 22-мартта Казакстандын авиакомпаниясы чартердик каттам менен алып кетмей болду. Учактын билетинин жарымын кыргыз өлкөсүнүн туристтик компаниясы, жарымын өзүбүз төлөмөй болдук. Ал эми Тышкы иштер министрлиги Алматыдан тосуп алып, Кыргыз өлкөсүнө түз алып кетчү транспорт уюштуруп берди. Ошого деле рахмат", - дейт Дайыр.
Ырчы өлкөгө келген соң алар үй карантинине алынарын кошумчалады.
Буга чейин Египеттен 100дөн ашуун жарандар Кыргыз өлкөсүнө келе албай жатканы тууралуу жазылган. Кечээ, 21-март күнү Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев чартердик авиакаттам уюштурулуп, алардын маселеси чечилгенин айткан.