Пост жазган президент. Садыр Жапаровдун эсте калган постторун тизмектейбиз

Президент Садыр Жапаров баракчасы аркылуу билдирүүлөрдү жасап турат. Ал мурда деле социалдык тармакта оюн билдирген, активдүү колдонуучу болгон. Акыркы маалымат жыйынында президент Фейсбукту карап отурбай турганын билдирип, бирок коомчулукта бир маселе жаралса билдирүү жасай турганын айткан. Ошондой ал анын фейсбуктагы аккаунтунун сыр сөзүн анын жардамчылары биле турганын белгилеген.

Садыр Жапаров президент болгондон бери талкууга алынган кандай маселелер боюнча билдирүүлөрдү жасаганын тизмектеп чыктык.

Коомчулукта миграция кызматы Саламаттыкты сактоо министрлигине кошулат деген пикирлер айтылганда төмөндөгүдөй пикирин 4-февралда айткан:

"Так билбей туруп жаза бересиңер"

"Элдин башын айлантып, эмнеге так маалымат билбей туруп жаза бересиңер? Миграцияны кантип эле Саламаттык сактоо министрлигине кошсун?!" - деп жазган.

"Жашоо-турмушу Кудайга шүгүр үй-бүлөлөр"

Мамлекет башчы 21-апрелде энергетикага болгон тариф боюнча пикир жазганда 2022-жылды "энергетика жылы" деп жарыялоону ниет кылып жатканын билдирген. "Турмушу начар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 74 тыйын кылып, чектөөнү алып салалы деген сунуш бар. Учурда аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлө бар. Жашоо-турмушу Кудайга шүгүр үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталып жатат. Чектөө алып салынат. Ушул кадамдарга барганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз", - деп жазган.

Эс алуудан сүрөт

Мындан тышкары президент сүрөт дагы жарыялап турат. Ал досу, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен түшкөн сүрөтүн чыгарган.

"Убактымды куугунтукка жумшабайм"

31-июлда президент убактысын өнүгүүгө жумшай турганын жазган. "Мен убактымды куугунтукка эмес, өнүгүүгө жана бүткүл кыргыздарды бириктирүүгө, чогултууга жумшашым керек".

Президент вакцина алганга чакырды

19-сентябрда Садыр Жапаров жарандарды вакцина алганга чакырды. "Бүгүн Кыргыз мамлекетинде 69 адамда COVID-19 оорусу катталды. Ооругандардын 100 пайызы вакцина албагандар болуп чыкты. Вакцина алыңыздар".

"Добуш саткандар да жоопко тартылат"

14-ноябрда мамлекет башчы добуш саткандар дагы жоопко тартыла турганын билдирген. "Шайлоодо добушун саткан да, сатып алып жаткан жарандар да жоопко тартыласыңар. Бир жарым жылдан эки жарым жылга чейин соттолуп кетесиңер. Жазык кодексинде ушундай берене бар. Ошондуктан шайлоочулар добушуңарды сатпагыла, талапкерлер сатып албагыла. Эгер ушундай көрүнүштөр боло турган болсо, укук коргоо органдары катуу чара көргүлө! Мындан ары Кыргыз мамлекетинде таза шайлоо салтын орнотобуз. Буга чейинки шайлоолор тарых болуп кала берсин".

Уу коргошун тууралуу

15-апрель күнү президент Садыр Жапаров дарыгерлер коронавирусту 2-3 күндө айыктыра турган ыкма табышкандыгын билдирген.

Депутатты кемсинткен комментарий

Ошол эле учурда президенттин баракчасынан Дастан Бекешевди кемсинткен комментарий жазылган. Президенттин басма сөз катчысы өлкө башчынын фейсбук баракчасын бирөөлөр бузуп киргенин билдирген. Президенттин атынан жазылган акыркы комментерийлерге эч кандай тиешеси жок деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан