Бишкекте көмүрдү арзан баада сатуучу кампаларда күнүнө 170-180 тоннадан көмүр сатылууда. Бул туурасында шаардык мэриядан кабарлашат.
Маалыматта Ленин районунун акими отун базаларын текшерүүгө алганы айтылат. "Мурманская 1б дарегиндеги "Беш-Сары", Мурманская 306б дарегиндеги "Отун" базасына район акими Русланбек Тагаев жана райондук кызматтын өкүлдөрү менен биргеликте барды.
"Аталган жайларда көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатылууда. Базаларга көмүр күн сайын ташылып келип жатканы, күнүнө ар бир базадан 180 тоннага жакын көмүр сатылып жатканы белгилүү болду. Ошондой эле ажиотаж жок, керектөөчүлөр тизме менен көмүр алып жатышат", - деп айтылат маалыматта.