Бүгүн, 28-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков өзгөчө абал кирген аймактардагы кырдаал боюнча тиешелүү маалыматтарды берди.
Ал белгилегендей, бир күн ичинде облус аймагында 19 кылмыш окуясы катталган.
"Өткөн суткада Жалал-Абад облусу боюнча 19 кылмыш иши катталды. Катталган кылмыштардын ичинен оор жана өзгөчө оор кылмыш иши жок. Ал эми коменданттык сааттын эрежелерин бузган 5 жаранга мыйзамдын негизинде протокол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жалал-Абадда – 1, Сузакта – 4 киши. Учурда облус аймагында коомдук саясий абал туруктуу", - деп билдирди Жоробеков.
Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак, Ат-Башы райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылганы маалымдалган.
Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо саат 21:00-06:00 аралыгы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынган.